АТМОСФЕРАЛЫК АЭРОЗОЛЬ
Jump to navigation
Jump to search
атм-дагы көзгө оӊой м-н илээшпеген майда нерселердин (дисперсияланган бүркүндүлөрдүн) абада же газда чаӊгыттап турушу. Алардын өлчөмү 10‒1 ‒ 105 нмден (катуу) ‒102 ‒ 106 (суюк) нмге чейин. А. а-го ‒ жанартоо чаӊы ж-а күлү, токой өртүнөн пайда болгон түтүн, топурак ж-а космос чаӊдары, туссуз ж-а деӊиз сууларынын тамчылары кирет. Табигый жол м-н атм-га өсүмдүктөрдүн споралары ж-а чаӊчалары, микроорганизмдер, орг. ажыроо продуктулары кошулат. Алар А. а-дордун өзөгүн түзөт. Антропогендик таасирден пайда болгон А. а-дорго отун жаккандан ж-а өнөр жайдан чыккан калдык заттар, о. эле айдоо жерлерден шамал аркылуу көтөрүлгөн топурактын майда бөлүкчөлөрү кирет. Конденсациялык А. а-дордун өзөгүн суунун конденсациясынан пайда болгон булуттар м-н тумандар түзөт. Булут түрүндөгү А. а-дор суунун айланышында мааниси зор; алар суунун табиятта айланышын ж-а темп-ралык режимин жөнгө салып турат. Радиоактивдүү А. а-дор (ядролук курал жардыруудан, радиоактивдүү материал дарды кайра иштеткенден пайда болгон), чаӊ куюндары, жанар тоо чаӊы м-н күлү, смог жаратылышка коркунуч туудурат. О. эле к. Атмосфера, Аэрозолдор, Аэрозолдук булгоо.