АНТИБИОТИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 10 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТИБИОТИКТЕР – микроорганизмдер иштеп чыгарган же синтезделип алынган жана аз өлчөмдө микроорганизмдерди өлтүрүүчү же алардын жана шишик клеткаларынын көбөйүүсүн басаңдатуучу заттар. 1928-ж. англ. окумуштуу А. Фленинг биринчи антибиотик – пенициллинди ачып, клиникада натыйжалуу пайдаланган (1929). Анын дарылык касиетин 1940-ж. англ. илимпоздор X. Флори, Ж. Гейин аныкташкан, ал эми 1944-ж. англ. илимпоз 3. Ваксман стрептомицинди алган, андан кийин тетрациклин, цефалоспориндер ж. б. заттар чыгарылган. А. негизинен актиномицеттерден, микроскоптук козу карындардан жана кээ бир бактериялардан алынат. А. бири биринен хим. түзүлүшү жана организмге таасир этүүсү менен айырмаланат. Алардын көбү тандама (айрым типтеги микроорганизмге каршы) таасир этет. Алар химия терапиясында колдонгондо оору козгоочу микроорганизмдерди жок кылуу менен кошумча тескери таасирлерди да берет, мисалы стрептомицин кээде ички кулакты жабыркатат. Андан тышкары оорулуу адамдарда белгилүү А. аллергия пайда кылат. Пенициллинден болгон аллергия өмүргө коркунучтуу. Көп учурда микроорганизмдер А-ге туруктуу болуп калып, дарылоо натыйжасыз болушу мүмкүн. Мындай учурда микроорганизмдин туруктуу штаммын кадимки А. менен басаңдата албай, алар эпидемияга алып келиши мүмкүн. Мындай штамм антибиотикти жетишсиз дозада кабыл алган же узакка кабыл албай жүрүп кабыл алган организмде болушу мүмкүн. Ошондуктан А-ди врачтын гана көзөмөлүндө пайдалануу керек. Бул кемчиликтерге карабастан А. күчтүү дары заттар болуп саналат. Акыркы 50 жылда А-ди колдонуунун натыйжасында жугуштуу (инфекциялык) оорулардан болгон өлүм кыйла азайды. Ошондуктан А. бактериялык инфекцияларды химия терапиялык жол менен дарылоодо кеңири колдонулат.