АНТИБИОТИКТЕР
АНТИБИОТИКТЕР – микроорганизмдер иштеп чыгарган же синтезделип алынган жана аз өлчөмдө микроорганизмдерди өлтүрүүчү же алардын жана шишик клеткаларынын көбөйүүсүн басаңдатуучу заттар. 1928-жылы англиялык окумуштуу А. Фленинг биринчи антибиотик – пенициллинди ачып, клиникада натыйжалуу пайдаланган (1929). Анын дарылык касиетин 1940-жылы англиялык илимпоздор X. Флори, Ж. Гейин аныкташкан, ал эми 1944-жылы англиялык илимпоз 3. Ваксман стрептомицинди алган, андан кийин тетрациклин, цефалоспориндер ж. б. заттар чыгарылган. Антибиотиктер негизинен актиномицеттерден, микроскоптук козу карындардан жана кээ бир бактериялардан алынат. Антибиотиктер бири-биринен химиялык түзүлүшү жана организмге таасир этүүсү менен айырмаланат. Алардын көбү тандама (айрым типтеги микроорганизмге каршы) таасир этет. Алар химия терапиясында колдонгондо оору козгоочу микроорганизмдерди жок кылуу менен кошумча тескери таасирлерди да берет, мисалы стрептомицин кээде ички кулакты жабыркатат. Андан тышкары оорулуу адамдарда белгилүү антибиотиктер аллергия пайда кылат. Пенициллинден болгон аллергия өмүргө коркунучтуу. Көп учурда микроорганизмдер антибиотиктерге туруктуу болуп калып, дарылоо натыйжасыз болуп калат. Мындай учурда микроорганизмдин туруктуу штаммын кадимки антибиотиктер менен басаңдата албай, алар эпидемияга алып келиши мүмкүн. Мындай штамм антибиотикти жетишсиз дозада кабыл алган же узакка кабыл албай жүрүп кабыл алган организмде болушу мүмкүн. Ошондуктан антибиотиктерди врачтын гана көзөмөлүндө пайдалануу керек. Бул кемчиликтерге карабастан антибиотиктер күчтүү дары заттар болуп саналат. Акыркы 50 жылда антибиотиктерди колдонуунун натыйжасында жугуштуу (инфекциялык) оорулардан болгон өлүм кыйла азайды. Ошондуктан антибиотиктер бактериялык инфекцияларды химия терапиялык жол менен дарылоодо кеңири колдонулат.