АНТАНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАНТА (фр. Entente cordiale – «ыкластуу макулдук») – Улуу Британия, Франция жана падышалык Россиянын Германия башында турган Үчтүктөр союзуна (Германия, Италия, Австрия-Венгрия) жана Осмон империясына каршы багытталган союзу; 1891–93-ж. француз-орус, 1904-ж. англис-француз, 1907-ж. англис-орус макулдашууларынын негизинде бекемделген. Союзду бекемдөө үчүн Россия, Англия, Франция 1914-ж. сентябрда Лондондо сепараттык тынчтык түзбөө ж-дөгү келишимге кол коюшкан, 1915-ж. ага Япония кошулган. А. союзу 1914–18-жылдагы 1-дүйнөлүк согуш учурунда германиялык коалицияга каршы 20дан ашуун - АКШ, Англия, Бельгия, Франция, Бразилия, Япония, Гватемала, Гондурас, Грекия, Италия ж. б. мамлекеттерди бириктирген. А-га жана Үчтүктөр союзуна кирген негизги мамлекеттер дүйнөнү кайра бөлүштүрүүнүн империалисттик программасын иштеп чыгышкан. Россияда Октябрь революциясы жеңген соң, Совет бийлиги тынчтык ж-дөгү Декретти кабыл алуу жана сепараттык Брест тынчтык келишимине кол коюу менен согуштан чыгып кеткен.