АТАНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:03, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-ндагы кыштак. Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кербен шаарынын 18 км түш.-чыгыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 60 км. Деӊиз деӊг. 960 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2618 (2009); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, мад-т үйү, оорукана, дарыкана, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.