АСЫЛ ТУКУМ ИШИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:37, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ мал чарбасында малдын тукум куума касиетин , тукумун жакшыртуу , кунардуулугун арттыруу иш чаралары. Бул иш пландуу өнүккөнгө чейин узак убакыт бою өтө жөнөкөй тандоо ыкмалары ж-а элдик селекциянын негизинде малдын баалуу породала ры чыгарылган. Табигый илимдердин өнүгүшү м-н анын теориясы иштелип чыгып, ыкмалары жакшыртылып, азыркы биол. илимдин жетишкендиктери колдонулууда . Бул иштер асыл тукум мал өстүрүү чарбасында ж-а колдон уруктандыруу станциясында ж-а инкубатор-үйкуш станциясында жүргүзүлөт. Ил.-из. ин-ттары м-н тажрыйба станциялары, ЖОЖдун атайын кафедралары А. т. и-нин теориялык көйгөйлө рүн ж-а ыкмаларын иштеп чыгат. Анын негизги элементтери ‒ туура тандоо, төлдү туура багуу. Колдон уруктандыруунун кеӊири колдонулушуна байланыштуу тукумдук эркек малдын генотибин (к. Генотип) аныктап, аны тукум сапаты б-ча баалоо (керек касиеттери тукумуна туруктуу өтүүчү тукумдук мал генотиби мыкты деп эсептелет) ишке ашырылууда. Анын негизги ыкмасы ‒ таза тукум мал өстүрүү. Жаӊы порода чыгарууда аргындаштыруу ж-а гибриддештирүү колдонулат. А. т. и-н туура алып баруу үчүн малды тоюттандыруу ж-а багууда талапка ылайык шарт түзүү, каттоолорду так жүргүзүү керек. Аны өнүктүрүүдө породаны райондоштуруу, мал аукциондорун өткөрүү иштери жүргүзүлөт. А. С. Ажыбеков.