АСТРА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 (Аstеr) ‒ өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп. А-нын 250дөн ашык түрү бар. Ал гүлүнүн түрү, түсү, сабагынын бийиктиги, бутактап өсүшү ж. б. б-ча айырмаланат. Көп ж-а бир жылдык түрү бар. Көп жылдык А. Түн. Америка дан таралган. Сабагы бутактуу, бийикт.
АСТРА8.png

20‒150 см, суукка чыдамдуу. Көбүнчө кеч күздө гүлдөөчү сорту өстүрүлөт. Уругу күзүндө же жазында 0,5 см тереӊдикте себилип, экинчи жылы гүлдөйт. Бир жылдыгы Кытай, Япониядан таралган. Жапыз (15‒25 см), орто (30‒50) ж-а бийик (60‒80) өсүүчү сорттору бар. Көчөтүнөн же уругунан өстүрүлөт. Уругу кеч күздө же эрте жазда cебилет, 7‒8 күндө текши өнүп чыгат, 3‒4 айда, cуук түшкөнгө чейин гүлдөйт. Кырг-ндын тоолорунда 1 түрү ‒ альп А-сы өсөт.