АСТАНА КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
00:36, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – байыркы археол. эстелик. Б. з. 3–8-к-ына таандык. Астана ш-нан 1–2 км батышта жайгашкан. Астана ш-нын атынан аталган. Астанадан 3–4 км чыгыш тарапта Карахожа көрүстөнү бар. Көрүстөндөр Жибек Жолунун боюнда болгондуктан, убактысы так белгиленген. Бул көрүстөндөр ж-дө маалыматтар кытай жазма булактарында Тан доорунан (7–10-к.) белгилүү. А. к. 695-ж. Чжан Хуайсу бейитине коюлган жазуудан белгилүү. Гаочандын түн.-батышынан орун алгандыктан, "эски түн.-батыш көрүстөнү", ал эми Караходжа көрүстөнү Сун Хуэйжендин мүрзөсүндөгү эпитафияга ылайык (663), “Түндүк кесене” аталган, анткени Гаочандын түн. ж-а түн.-чыгышында Гаочандын башкаруучуларынын мүрзөлөрү болгон. Көрүстөндөр 8 км аянтты ээлеп, 500гө жакын дөбө-мүрзөлөрдөн турат. Ар бир көрүстөн түбү таш төшөлгөн үңкүрдү элестетет, дубалдары ар кандай сүрөттөр м-н кооздолгон, алардын катарында Конфуций дининин негизги постулаттары чагылдырылат. Анда кездемеге же кагазга түшүргөн Кытай улутунун ата-бабалары Фуси ж-а Нюйва, жарым-жартылай адамдар ж-а жылан түрүндөгү сүрөттөр ж. б. кезигет.