АМУР МАДАНИЯТЫ
Jump to navigation
Jump to search
АМУР МАДАНИЯТЫ– неолит дооруна (б. з. ч. 5 жана 1 миңинчи жылдыктын башы) таандык, Амур-Дарыясынын ортонку жана төмөнкү бойлоруна тараган маданият. Негизинен чопо идишаяктары, таштан жасалган эмгек куралдары табылган. А. мад-н калтырышкан уруулар көчмөн жана жарым көчмөн турмушта жашап, аңчылык менен тиричилик кылышкан.