БАДМИНТОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:26, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДМИНТОН ‒ волан (пластмасса же чачылуу топ) жана ракетка менен ойнолуучу спорт оюну. Ал Байыркы Малайяда пайда болуп, кийин Азиянын башка өлкөлөрүндө ойноло баштаган. Азыркы Б. 1872-ж. биринчи жолу Англиядагы Бадминтон шаарында ойнолгон (аты ошондон ). Эл аралык федерациясы 1934-ж. уюшулган, ага 50дөй өлкө мүчө. Дүйнөнүн жеке чемпионаты 3 жылда бир өткөрүлөт. Б-ду 2 же 4 киши ойнойт. Оюнчу өз тарабындагы аянтчага воланды түшүрбөстөн, атаандашы тарапка багыттап, аны жыдытат. Тор (бийикт.иги 1,5 м) менен бөлүнгөн тегиз аянтчада (экиден ойноодо аянты 13,4´6,1 м, жалгыздан ойноодо ‒ 13,4´5,2 м), көк шиберде, пляжда ойноого ылайыкталгандыктан, азыркы мезгилде кеӊири таралган спорттун түрү. Ойноо техникасы жана ыкмасы боюнча тенниске окшош. Шамдагайлыкты, тездикти, чыдамкайлыкты өнүктүрөт.