АНКИЛОЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНКИЛОЗ (гр. ankylos – ийри) – эки сөөктүн муун башынын бир-бирине чапталып калышынан пайда болгон кыймылсыз абал. Негизги себептери муундун катуу кармаган өнөкөт инфекциялык сезгениши; сөөк учтарынын кырсыктан жабыркашы. A-до муун сөөктөрүнүн бетине фиброз, кемирчек, сөөк ткандары өсөт. Буту-колдун А-унда кол же бут сунулган б-ча же ар кандай бүгүлгөн абалда жазылбай калат. Алдын алууда кырсыкка жана сезгенүүлөргө учураган муундарды өз убагында туура дарылоо жана курорт, санаторийде дарылап, дарылоочу дене тарбия сунуш кылынат. Айрым түрлөрүн хирург. жол менен дарылайт.