АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:06, 12 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМЕРИКА-МЕКСИКА СОГУШУ – 1846–48-ж. АКШнын Мексикага каршы согушу. 1835-ж. Мексиканын Техас штатында амер. плантаторлор козголоң чыгарышып, 1836-ж. Техас Мексикага көз каранды эмес мамлекет деп жарыялашкан. 1845-ж. Техас АКШнын курамына кошулган. АКШ ал аймактын чегин андан ары кеңейтүү максатында 1846-ж. 13-майда Мексикага каршы согуш ачат. Согуштун башталышында амер. аскерлер Нью-Мексиканы, Калифорнияны каратып алышкан. Ал эми Түн. жана Борб. Мексикада жерг. эл катуу каршылык көрсөтүшүп, көп жоготууларга учураган. 1847-ж. Веракрус портуна амер. десант түшүрүлүп, мамлекеттин борб. – Мехико ш-на чабуул башташкан жана ошол эле жылы шаарды басып алышкан. 1848-ж. февралда эки мамлекеттин ортосунда Гуадалупе-Идальго келишими түзүлгөн соң согуштук аракеттер токтотулуп, келишимдин шарты б-ча Мексика жарымынан көбүрөөк аймактарынан ажыраган (алар кийин Нью-Мексико, Аризон жана Калифорния штаттары деп аталып калган), ал эми АКШ Мексикага 15 млн доллар өлчөмүндө компенсация төлөгөн.