АЙ-ТАМГА
Jump to navigation
Jump to search
АЙ-ТАМГА – Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Төөлөс айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Ноокат шаарынан 33 км батыш тарапта, Кызыл‑Кыя темир жол бекетинен 15 км. Деңиз деңгээлинен 1840 м бийиктикте. Калкы 2269 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, төрөт үйү, медпункт, чайкана бар. Атынын келип чыгышы кыргыздын бир уруусуна байланыштуу.