АЛАШАН
Jump to navigation
Jump to search
АЛАШАН ‒ Ош облусунун Ноокат районундагы кыштак. Кызыл-Октябрь айыл аймагына караштуу. Абшыр-Сай суусунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Ноокат шаарынан 25 км батыш тарапта. Кызыл-Кыя темир жол бекетинен 28 км. 1890-жылы отурукташкан. Деӊиз деӊгээлинен 1280 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2362 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.