АРАКЕТ
АРАКЕТ, м е х а н и к а д а – системанын динамикасын толук аныктоочу физ. чоңдук. Механикада А. системанын абалын мүнөздөгөн өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары аныкталат. Система А-инин негизги касиети анын эки абалынын арасындагы системанын мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы каралса, анда системанын чыныгы кыймылы мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул мех. системанын кыймылынын теңдемесин туюнтууга жана бул кыймылды үйрөнүүгө мүмкүндүк берет. А. түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термод. кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талаа теориясын түзүүдө физ. чондук катары колдонулат. Ал эми динамикалык тендемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында А-тин өлчөмдүүлүгү бар физ. чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теориясында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору менен берилет, ал эми динамикалык өзгөрмөлөр катары операторлор колдонулат.