АСТРОГРАФ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОГРАФ (астрожана гр. grapho ‒ жазамын) ‒ асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартуучу астр. аспап. Анын негизги мүнөздөмөсү ‒ фотопластинкага түшкөн жарык күчү менен сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри жана фокус аралыгы. Асмандагы жылдыздар, метеорлор, кометалар, астероиддер жана жасалма жандоочторду тартуучу А-тын объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпайт, ал эми өтө так астр. өлчөөлөрдү жүргүзүүчү А-тыкы ‒ 10‒15 мден кем эмес болот. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 м кадимки А. менен жабдылган.