АККУМУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:32, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККУМУЛЯЦИЯ (лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана ми­нералдык заттардын, органикалык калдыктардын жер ­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин диагенездин натыйжасын­да катуу чөкмө тектер пайда болот. Аккумуляциянын жа­нартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык Аккумуляция, кургактагысын субаэрал­дык Аккумуляция деп аташат. Аккумуляциянын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу де­ңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген Аккумуляциясы болуп бир нечеге бөлүнөт. Аккумуляциянын натыйжасын­да аккумуляциялык рельеф пайда болот.