АКАЕВ Аскар

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАЕВ Аскар (10. 11. 1944‑ж.т., Чүй обл., Ке­мин р‑ну, Кызыл‑Байрак айылы) – Кыргыз Респ-­нын тунгуч Президенти (1990–2005); көрүнүктүү илимпоз физик, техника илимд. доктору (1981), проф. (1983), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1987), Россия ИАнын анык мүчөсү (2006). 1968-ж. Ленинград так механика жана оптика ин‑тун бүтүрүп, ошол эле ин‑тта улук лаборант, аспирант, инженер, 1972–73‑ж. ФПИде ассис­тент, улук окутуучу, 1973–76‑ж. Ленинград так механика жана оптика ин‑тунда улук ил. кыз­маткер, улук окутуучу. 1976‑жылдан кайрадан ФПИде улук окутуучу, доцент, кафедра башчы­сы болуп иштеген. 1986–87‑ж. Кырг‑н КП БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн жетекчиси, 1987‑ж. Кыргыз ССР ИАнын вице‑президенти, 1989-жылдан президенти. 1989‑ж. А. СССР эл депутаты болуп шайланган. 1990‑ж. 27‑октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында, ал эми 1991‑ж. 12‑октябрда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өткөрүлгөн жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Респ‑нын Президенттигине шайланган. Өлкөнүн президенти катары республикада алгачкы демокр. ин‑ттардын, жарандык коомдун жана рынок экономикасынын негиздерин түптөөгө олуттуу салым кошкон.

АКАЕВ 132.png

Алсак, КМШ өлкөлө­рүнөн биринчи болуп, Кыргызстанда улуттук валюта – сом киргизилип, «Манас‑1000», «Ош‑ЗООО», Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУнун колдоосу менен белги­ленген. Ошону менен бирге анын башкаруусунун акыркы жылдарында коррупциянын күч алуу­су, өлкөдөгү социалдык‑экон. абалдын татаалдашы, өлкөнүн тышкы карызы 2 млрд доллардан ашып кетиши, өлкөдөгү саясий‑экон. кризистин күчөшү 2005‑жылдын 24‑мартындагы окуяга алып кел­ди. Натыйжада А. Кырг‑ндан кетүүгө арга­сыз болгон. Илимпоз катары ал эсептегич тех­никаларды жана кванттык радиофизика жаатын­дагы маселелерди чечүүгө арналган жаңы ил. багыттын – оптикалык эсептөө техника тарма­гын негиздегендердин бири. А. 200дөн ашык ил. эмгектердин, анын ичинде 16 монографиянын авто­ру. Кырг‑н Ленин комсомолу сыйлыгынын (1976), Эл аралык Дж. Неру атн. биримдик фондусунун (1995), Улуу Петр (Россия Федерациясы) ж. б. эл аралык сыйлыктардын лауреаты. Альберт Эйнштейн атн. (АКШ), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун Алтын медалдары менен сыйланган.

Эмг.: Когерентные оптические вычислительные машины. Л., 1977; Оптические методы обработки ин­формации. Учебник для ВУЗов. М., 1998; Переходная экономика глазами физика. Б., 2000; Памятное десятилетие. Б., 2001; Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу. Б., 2002.