АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК
АКАДЕМИЯЛЫК ЭРКИНДИК – жогорку окуу жайларындагы профессорлордун жетекчилигинде өзүн өзү башкаруу, жүргүзүлгөн окутуу программаларын аныктоо жана ички тартиптер боюнча укуктар; билим берүү жана илимий-изилдөө жагында инсанга берилген өзгөчө укуктардын жана эркиндиктердин топтому. Профессорлорду жана ректорлорду шайлоо көз карандысыз, сырткы администрациялык бийликтин кийлигишүүсүз жүрөт. Жогорку окуу жайлардын профессор‑окутуучулар курамына, илимий кызматкерлерге жана студенттерге төмөндөгүдөй эркиндиктер берилет: предметтик окуу пландарды өзүнүн тажрыйбасы, көз карашы боюнча түзүү; илимий-изилдөө темаларын тандоо; аларды өзүнүн ыкмаларынын негизинде жүргүзүү; студенттин өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө жана муктаждыгына ылайык билим алуусу.