АСАНОВ ҮСӨН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:39, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНОВ ҮСӨН (26. I. 1934-ж. т., Нарын обл., Нарын р-ну, Эмгекчил айылы) – физик-химик, химия илимд. доктору (1977), проф. (1980), KP УИАнын акад. (1987, корр.- мүчө 1983), Кыргыз ССРинин эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1979), СССРдин ойлоп табуучусу, КРдин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты (2000). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери (1994). Д. И. Менделеев атн. МХТИни (1956), СССР ИАнын физ.-химия ин-тунун аспирантурасын (1967) бүтүргөн. 1956-87-ж. Кыргыз CCP ИАнын орг. эмес жана физ. химия ин-тунда кенже, улук ил. кызматкер, лаборатория башчысы, директордун орун басары, 1987-93-ж. КМУнун ректору, 1993-2005-ж. КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын (1996–жылдан Улуттук аттестациялык комиссия) төрагасы, ошол эле учурда 2002–16-ж. Кыргыз Энциклопедиясы Башкы редакциясынын Башкы редактору болуп иштеген.. Химия жана хим. технология б-ча ил. иштерди жүргүзгөн. Ил. ишинин негизги багыты – электр разрядындагы хим. процесстерди изилдөө. Ал учкун разряддарын пайдаланып, хим. синтездин (карбиддер, сульфиддер, кычкылтектер ж. б.) жаңы методдорун негиздеген. Бул жааттагы иштеп чыгуулары 50дөн ашуун автордук күбөлүк жана патенттер менен күбөлөндүрүлүп, алардын көбү өндүрүшкө киргизилген. Анын ойлоп табуучулук ишмердиги жогору бааланып, Эл аралык ойлоп табуучулардын алтын медалына татыктуу болгон (Женева, 2003). А. – 300дөн ашык ил. эмгектин (анын ичинде 12 монография, жогорку окуу жайлары үчүн 7 окуу китеби), 51 ойлоп табуунун автору. Анын жетекчилиги менен «Кто есть кто в Кыргызской науке» (1997), «Наука Кыргызстана в лицах» (2002), «Наука Кыргызстана в зеркале диссертационных исследований» (2003), «Химия» (1997) ж. б. 20дан ашык тармак энциклопедиялары жарык көргөн. Эл аралык «Руханият», о. эле Ж. Баласагун, И. Арабаев атн. сыйлыктардын лауреаты.

АСАНОВ Үсөн 79.png


КР ЖКнын «легендардуу» парламентинин депутаты (1989–94). Эмгек Кызыл Туу, III даражадагы «Манас» ордендери, «Даңк» медалы ж. б. менен сыйланган. Нарын ш-ндагы өзү окутан орто мектеп-лицейге ысмы ыйгарылган (2004).
Эмг.: Синтез соединений металлов в условиях низковольтного искрового разряда в жидких диэлектриках. Ф., 1978; Жалпы химия (авторлош) Б., 1997; Физикалык химия (авторлош) Б., 2000; Органикалык химия курсу (авторлош) Б., 2001. Физико-химические процессы в плазме искрового разряда создаваемого в жидких диэлектриках. Б., 2001. Энергонасыщенные среды в плазме искрового разряда Б., 2002. Аналитикалык химия Б., 2004. Ад.: Об академике У. Асанове. Б., 2004.