АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ
АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ Нарын обл-нда, Нарын ш-нан 50–60 км түн.-чыгыш тарапта,
Жетим кырка тоосунун түндүгүндөгү Арчалы суусунун сол жээгинде. 1956-ж. табылган. Кен жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон акиташ теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма жана палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан,гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө жолу менен пайда болуп, линза, тарам, уяча түрүндө ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец жана яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон. Кенташ (руда) кабатчаларынын калындыгы 30–40 м, уз. 100–150 мге жетет, андагы марганец орто эсеп менен 10%. 100 м тереңдикке чейинки кенташтын болжолдуу ресурсу 2100 миң т, марганец металлыныкы – 210 миң т.