АЛТЫБАЕВА Дилбара Тойчиевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 27 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛТЫБАЕВА Дилбара Тойчиевна (1947-ж.т., Ош обл., Ош ш.) – химия илимд. доктору (2004). Ош ПИни бүтүргөн (1970). Эмгек жолун ОшМПИде окутуучу болуп иштеп баштаган. КР УИАда кенже ил. кызматкер; Кыргызстан КПнын Ош обкомунда; ОшМПИде улук окутуучу, доцент; ОшМУда фак-ттин деканы, кафедра башчысы. КР билим берүүсүнүн мыктысы, КРдин илим жана техника б-ча мамл. сыйл. лауреаты, грамоталар менен сыйланган. Анын 76 ил. эмг., анын ичинде 1 монография, 2 автордук күбөлүк, 3 патент, 3 методикалык күбөлүктөрү жарык көргөн. Эмг.: Исследование электропроводности конечных продуктов распада комплексных соединений хлоридов марганца (11), кобальта (11), никеля ( (11) гексаметилентетрамином и диметилсульфоксидом// Научный журнал “Вестник Ошского государственного университета”. – Ош, 2012.–Спецвыпуск.– 268-274.