АЙЫРМАЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:22, 14 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙЫРМАЧ – өзү ээрде жүрө албаган 3–5 жаш­тагы кичинекей бала үчүн жасалган ат жабдыгы­нын бир түрү. Айырмач кыргыздар көчмөн турмушта жашаган кезде балдарды өңөрбөй өзүнчө атка мингизген жана атта жүрүүгө көндүргөн. Айырмачтын кашы менен артын бирдей кылып, кайчылаш аш­тап жасайт, ал ээрдикинен 10–15 см бийик болот.

АЙЫРМАЧ28.png

Бала ооп же ыргып кетпес үчүн Айрмачтын капталдарына туурасынан жалпак жыгачтар бекитилип, алар баланы эти оорубагандай тосуп, кармап турат. Айырмачтын үстүнө көпчүк салынат. Үзөнгү ордуна кийиз же териден кооздолуп жасалган «теминги» болот. Айырмачтын кайчылашып ашталган алдынкы кашы оймо‑чиймеленип кооздолот. Азыркы мезгилде Айырмачты музейден гана көрүүгө болот.