АЛТАИСТИКА
АЛТАИСТИКА – алтай тилдеринде сүйлөгөн элдердин (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур, корей-япон) тилин, тарыхын, этнографиясын, адабиятын, маданиятын ж-a дүйнө таанымын изилдөөчү илим.1730-ж. Алтаистика адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги ж-дөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө илимий багыт катары өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теориялык чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги ж-дөгү гипотезанын негиздөөчүсү катары Петр 1нин тушунда туткунга алынган швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили ж-дө көп материал жыйнап, аларды иликтөө менен урал (угро-фин, самодий) ж-a алтай (түрк-моңгол, тунгус-маньчжур) тилдеринин биринчи классификациясын түзүп (1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839,1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849), Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер (1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е. Поливанов (1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж. б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX к-дын экинчи жарымынан тартып япон ж-a корей тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер, X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер менен алтай тилдеринин өз ара ген. тектештигин далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө алтаистикада негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теор. жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин ген. тектештиги ж-дөгү теория; б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу ж-дөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү менен бирге кийинки көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник,И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Баскаков, М. Матсумато, С. Мурамайо, о. эле кыргыз ж-a япон тилдеринин материалдарынын негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Хиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара фонет., лексикалык, морфол. ж-a синтаксистик жактан болгон окшоштуктарын, б. а. жалпылыктарды алардын ген. тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат ж-a ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда. Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич, Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж. б. окумуштуулардын концепциясы б-ча алтай тилдериндеги окшоштук-жалпылыктарды типологиялык жакындыктар жана алар тилдик узак карым-катыштын негизинде пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө алтаистика фонет., лексикалык, морфол., синтаксистик маселелердин тектештирме тарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең ж-a кеңири изилдөөгө алынган.
С. Мусаев.