АНИЛИН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:40, 29 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНИЛИН, аминбензол, фенилами С6Н5 – NH2 – эң жөнөкөй ароматтык амин. 1826-ж. индигону кургак бууландыруудан алынган. 1842-ж. орус окумуштуусу Н. Н. Зинин нитробензолду күкүрттүү аммоний менен калыбына келтирүүдөн синтездеген. Азыр А. нитробензолду катализатордун катышуусунда 200-300°Сде калыбына келтирүүдөн алынат:

А. түссүз, жарык жана абанын таасиринен түсүн өзгөртүүчү, өзгөчө жыттуу суюктук; эрүү t 16°С, кайноо t 184,4°С, сууда, спиртте, эфирде, бензолдо, хлороформдо жакшы эрийт. Ал минералдык к-талар менен туздарды, орг. к-талар менен анилиддерди пайда кылат. А. негиздик касиетке ээ, бирок анын негиздик касиети майлар катарындагы аминдерге караганда начарыраак. Туздарынын ичинен C6HSNH3C1 чоң мааниге ээ, ал текстиль өнөр жайында кездеме боёдо пайдаланылат. А. вулканизацияны тездетүүчү зат катары, фармацевт ж. б. өнөр жайында кеңири колдонулат. Анын буусу уулуу болгондуктан, адамдын борб. нерв системасына таасир этет.
Ж. Медетбекова.