АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:22, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ--Чүй обл-нун Жайыл р-нунда, Суусамыр суусунун оң куймасы Арам-Суу суусунун сол жээгинде, Суусамыр кырка тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 2700–3200 м бийиктикте. 1959-ж. табылган. 1959–63-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун гранит-порфир кичи интрузиясы жана кварцтуу порфирлердин дайкалары менен жирелип, девон-карбон мезгилинин кумдукгравелит-сланецтер катмарларынан түзүлгөн. Уран минералдашуусу гранит-порфирдин экзоконтактасындагы чополуу сланецтин талкаланган, жаракаланган зоналары менен байланышкан. Кенташтануу (рудалануу) минералдашкан зоналар тибине, уранит-сульфид формациясына ки ки­рет. Негизги кенташ минералдары: настуран, пирит, уран көөсү, галенит, казолит, уранофан. Кенташтагы урандын орт. өлчөмү 0,170%. Кенташтын запасы жана ресурсу 473 миң т. урандыкы 806,2 т