АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЕКСАНДР АФРОДИЙСКИЙ (Кичи Азиядагы Афродисие ш-нан, 2‒3-к.) ‒ байыркы грек философу, Афиныдагы перипатетикалык мектептин башчысы, Аристотелдин комментатору. Теӊир руху адам жанын мекендеши мүмкүн экенин айтып, бирок ал жандын өлбөстүгүн четке каккан. «Жан жөнүндө» деген чыгарманын комментарийинде акылдын үч жактуулугу (нус) концепциясын өнүктүргөн. Ал о. кылымдагы араб жана еврей философиясына таасирин тийгизген. Анын комментарийлери эмдигиче ил. маанисин сактап келүүдө.
Ш. К. Алиева.