АНТВЕРПЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТВЕРПЕН А н в е р (фламандча Antwerpen, фр. Anvers; фламандча аталышы Aen’twert - верфтин жанында) – Бельгиянын түндүгүндөгү шаар. Аты окшош провинциянын адм. борбору. Шельда д-нын жана Альберт каналынын боюнда, Түндүк деңиздин жээгине жакын жайгашкан. Калкы 502,6 миң (шаар айланасы менен 1,2 млн, 2012). Дүйнөдөгү эң ири порттордун бири (2002-ж. 132 млн т жүк ташылган; Европада жүк айлантуу б-ча Роттердамдан кийин 2-орунда). Өлкөнүн ири соода, финансы жана башкы өнөр жай борбору. Түрдүү машина куруу (анын ичинде кеме куруу), түстүү металлургия, нефть ажыратуу, хим., нефть-хим, текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. А. бриллиант сатуунун жана алмазды кырдоонун дүйнөлүк борбору. Королдук асем өнөр музейи (мында голл. сүрөтчүлөрдүн чыгармалары да чогултулган); П. П. Рубенстин үймузейи бар. 1920-ж. VII Олимпиадалык оюн өткөрүлгөн. 16-к-дын 2-жарымында мааниси б-ча Европадагы 1-соода жана кредит борбору болгон. Стен сепили (16-к-да соңку готика стилинде кайра курулган) сакталган.лган.