АНДАМАН АРАЛДАРЫ
АНДАМАН АРАЛДАРЫ--Инди океанынын түндүгүндө, Бенгала булуңу менен Андаман деңизинин аралыгында. Индиянын Андаман жана Никобар аралдары союздук аймагынын бир бөлүгү. Аянты 6,7 миң км2 ден ашык. Суу астындагы тоолордун чокуларында жайгашкан, түндүктөн түштүккө карай 350 кмге созулат. 204 аралдан турат; ирилери: Түн., Ортонку, Түш., Кичи А. а. Жээктери өтө тилмеленген, ыңгайлуу бухталары көп. Айрым жээктери коралл рифи менен курчалган. Өтө тилмеленген жапыз тоо рельефи басымдуу; бийикт. 729 мге чейин (Садл-Пик чокусу). Абанын жылдык орт. темп-расы 28°С; жылдык жаан-чачыны 2500 мм. Дайыма жашыл тропик токою өсөт. Жыгач даярдалат. Шалы эгилет. Кокос пальмасы өстүрүлөт; балык кармалат. Түш. Андаман а-нда Порт-Блэр ш. жайгашкан. 2004-жылкы Инди океанындагы жер титирөөгө байланыштуу пайда болгон катуу цунамиден өтө жапа чеккен.