АЖЫ
Jump to navigation
Jump to search
АЖЫ – мусулманчылык парзын аткарып, Мекеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наамы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7—13‑үндө (хижра ай календарынын 12‑айы) Мекеге зыярат кылууга келишет. Шарият боюнча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. Ажылык парзын аткарып келген адамдарды урмат менен Ажы деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (к. Ажылык, Айт).