АСЫЛ ТУКУМ КИТЕБИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:22, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
тукумдун жылдык белгилерине туура келген мал катталуучу документ; асыл тукум ишин уюштуруудагы мамл. маанилүү ишчара. Китеп айрым чарбаларда ар кайсы мал тукуму б-ча иштеген селекционер лердин ишин чагылдырат. Анда уй, кой, жылкы, эчки ж. б-дын таза тукумдагысы катталат. Ар бир тукум үчүн өзүнчө китеп болуп, элита ж-а 1-класстын талабына (мал бонитировкалоо инструкциясы б-ча) туура келген асыл тукум мал катталат. Анда ошол мал (төл) алынган асыл тукум мал чарбасы жазылып, малга катар номер ж-а марка берилет.