АЛАТАМАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАТАМАК ‒ кыз-келиндер көкүрөгүнө тагынган баалуу кооздук буюм. Акак, шуру, бермет, тор, сайма, курак, чачы, оймо ж. б-ды бири-бирине айкалыштыра колдонуу менен жасалган. А-тын асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюусу болот. Желке жакка байлап, көкүрөккө жая тагынат. 19-к-дын аягы 20-к-дын башына чейин мындай кооздукту кыргыздын кыз-келиндери кеӊири пайдаланышкан. Учурда А. асем буюм катары өтө сейрек кездешет. Ушул сыяктуу кооздук хакас элинде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Аны пого деп да аташат.