АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:44, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН ТУРГУН ЖАЙЫколо дооруна мүнөздүү турак жай калдыгы. Аламүдүн суусунун оӊ өйүзүндө, Кара-Жыгач багынын тушунда жайгашкан. Адам иш-аракетинин изи калган катмар бир кыйла аянтты ээлеп, 0,3‒0,6 м тереӊдикте жаткан. 1929-ж. россиялык археолог анын ичинде Тереножкин тарабынан коло дооруна мүнөздүү маданий катмар табылып, изилденген. Бул жерден геом. оймо-чиймелер менен кооздолгон, чопо идиштин сыныктары, бодо малдын, о. эле майда жандыктардын сөөктөрү жана күлдүн калдыктары чыккан. Тургун жайдагы карапа буюмдар Кырг-ндын түндүгүндөгү табылган карапаларга окшош келип, б. з. ч. 2-к-дын аягы ‒ 1-к-дын башына тиешелүү деп далилденген. Бул эстеликтердин мүнөзүнө караганда отурукташкан чарба шартында жер иштетип, мал багып жашоо тиричилигин өткөргөн андрон мад-тынын тургундары болгон.
К. Табалдиев.