АЛАМҮДҮН суусу
АЛАМҮДҮН ‒ Аламүдүн р-нундагы суу, Чүй д-нын сол куймасы. Уз. 78 км, алабынын аянты 317 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы Аламүдүн мөӊгүсүнөн башталып, жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу шар агат. Чүй өрөөнүнө чыкканда нугу кеӊейип, тайыздайт. Бишкек ш-ын аралай түндүккө карай агат. Ага 33 майда өзөн куят. Ири куймасы ‒ Чуӊкурчак (уз. 19 км). Алабында жалпы аянты 0,8 км2ге жеткен 22 майда көл, 74,2 км2 келген 53 мөӊгү бар. Май айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 6,36 м3/сек; байкалган эӊ көп чыгымы 300 м3/сек, эӊ азы ‒ 0,74 м3/сек. Аламүдүн капчыгайынан Чүй өрөөнүнө чыга бериште (Көк-Жар кыш. тушта) суу бөлүштүргүч курулма курулган. Боюнан Көк-Жар, Таш-Мойнок, Беш-Күнгөй, Аламүдүн кыш. орун алган. Сугатка кеӊири пайдаланылат.