АЛА-БУКА ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:23, 13 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БУКА ЧОПО КЕНИ Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Ала-Бука кыштагынан 10 км түндүк-чыгышта, деӊиз деӊгээлинен 1180‒1200 м бийиктикте. 1987-ж. геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу топурак саргыч боз түстө, көзөнөктүү, борпоӊ. Топурак катмарынын калыӊдыгы 30 мге чейин, казып билинген калыӊдыгы 11 м. Кумайлуу топуракка 30%тен 40%ке чейин Кызыл-Ата чопо кенинин чопосун кошсо «100» маркадагы карапа кирпич алууга болот. Запасы А категориясы боюнча 349 миӊ м3, В ‒ 714 миӊ м3, С1 ‒ 3143 миӊ м3, А+В+С1 ‒ 4206 миӊ м3.