АКРОБАТИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКРОБАТИКА(гр. akrobates – бутумдун учу менен басам, бийикке чыгам) – 1) гимнастика ти­биндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулар­дын көп сандаган топторунан (А‑лык секи­рүүлөр, аял‑эркектин же эки эркектин, 3‑4 эр­кектен турган топтун машыгуулары, эркек менен аялдын батутта секирүулөру) турган спорт түрү. А. өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Византия, Кытай, Японияда белгилүү болгон. О. кылымда А‑нын кээ бир элементтерин дар­чылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Ита­лия да), жонглёрлор (Францияда) аткарышкан. 17-к‑дын аягынан А. циркте кенен тарала баш­таган. А. күч көрсөтүү, жерде секирүү, ийинде ойноо, икарийлик оюндар, ат үстүндө ойноо болуп бөлүнөт. Анын айрым элементтери цирктин бардык жанрында, хореография өнөрү менен театр оюндарында да кеӊири колдонулат.