АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМОЛДОЕВА Шайлообүбү Бородоевна (11. 3. 1950‑ж. т., Ысык‑Көл обл., Ак‑Суу р‑ну, Маман айылы) – философия илимд. доктору (1998). 1972‑ж. Казак мамл. ун‑тинин философия ф‑тин бүтүргөн. 1973–78‑ж. КМДТИда, 1979–91‑ж. КМУУда философия кафедрасында улук окутуу­чу, доцент, 1991‑ж. культурология б‑ча кафедра башчысы, 1992–93‑ж. философия ф‑тинин де­каны, 1994–96‑ж. улук ил. кызматкер, социо­логия жана культурология кафедрасында доцент болуп иштеген. Философия тарыхы, маданият­таануу, манастаануу тармактары б‑ча адис.
Эмг.: Древнекыргызская модель мира (по мате­риалам эпоса «Манас») Б.,1996; Духовный мир древних кыргызов. Б., 1998.