АКМАТОВ Бекболот

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>, а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКМАТОВ Бекболот (1936‑ж. т., Ош обл., Өзгөн р‑ну, Жалпак‑Таш айылы) – хирург, медицина илимд. доктору (1989), КРдин эмг. сиң. врачы. КММИни (1960), ошол эле жерде аспи­рантураны (1969) бүтүргөн. Райондук ооруканада хирург, КММИде ассистент, доцент, проф. 1991-жылдан кафедра башчысы. Боор жана өт хирургиясы б‑ча адис. Анын 90дон ашык ил. эмгеги, анын ичинде 1 монография, 9 ойлоп табуусу бар.