АККУМУЛЯЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:09, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККУМУЛЯЦИЯ (лат. accum.ula.tio – чогултуу, топтоо) геологияда – геол. процесстердин таасиринен талкаланган тоотектердин жана ми­нералдык заттардын, орг. калдыктардын жер ­бетине же деңиз, көл, суу түптөрүнө топтолу­шу. Алардан кийин диагенездин натыйжасын­да катуу чөкмө тектер пайда болот. А‑нын жа­нартоо жана чөкмө (седиментация) деген негизги 2 түрү бар. Чөкмөлөрдүн деңиз түбүндө топтолу­шун субаквалдык А., кургактагысын субаэрал­дык А. деп аташат. А‑нын топтолуу орундары менен пайда болуу себептерине байланыштуу де­ңиз, көл, өзөн, шамал, мөңгү, органоген А‑сы болуп бир нечеге бөлүнөт. А‑нын натыйжасын­да аккумуляциялык рельеф пайда болот.