АККРЕДИТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:51, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АККРЕДИТАЦИЯ--билим берүү мекемелеринин өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө мамл. үлгүдөгү таалим-тарбия берилгендиги тууралуу документ тапшыруу укугун, борборлошкон мамл. каржылоо системасына кирүү укугун, адистерди контракттык негизде даярдоо укугун алуу. А. – окуу жайдын кайрылуусу б-ча мамлекеттик, мамлекеттик эмес жана жеке менчик атайын органдар тарабынан жүргүзүлөт. А. процессинин этаптары: 1) окуу жайдын бардык ишмердүүлүгү же айрым билим берүүчү программалар б-ча окутуучулар, кызматкерлер, администрация тарабынан даярдалган өздүк баалоо процесси. Өздүк баалоонун натыйжасы аккредитациялоо органы тарабынан сунушталган стандарттын жана критерийлердин негизинде отчёт түрүндө даярдалат; 2) А. жүргүзүүчү органдын эксперттери окуу жайга келип, отчёттун мазмунунда көрсөтүлгөндөрдү реалдуу жүргүзүлгөн иштер менен салыштырат. Администрация, окутуучулар, студенттер, иш берүүчүлөр менен баарлашып, жыйынтыктарды такташат; 3) эксперттик комиссия алынган жыйынтыктардын негизинде окуу жайдын ишмердүүлүгүнө баа берет. Анда окуу жайдагы иштердин ийгиликтери жана кемчиликтери көрсөтүлүп, билим берүү процессин андан ары улантуу же айрымдарын токтотуу ж-дөгү чечим чыгарылат.