АКВАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:48, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКВАТОРИЯ (лат. aqua – суу жана territorium ­территория) – океандын, деңиздин, суу сакта­гычтын же порттун белгиленген чегиндеги суу бети (мейкиндиги). А. жүк жүктөө жана түшүрүү үчүн кемени токтотууга (порт А‑сы), кеме куру­лушунун акыркы жумуштарын бүтүрүүгө жана кеме ремонттоого (завод А‑сы), техниканы сы­ноого (суу полигону) пайдаланылат.