АК ОРДО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК ОРДОАлтын Ордонун эки канатынын бири; аны Жучунун уулу Батый жана анын укум­-тукумдары башкарган. Алтын Ордо аталышы Батыйдын доорунан тартып, Жучу улусунун бар­дык аймактарына карата айтылса, 14‑к‑дын ба­шынан А. О‑го гана тиешелүү айтылып калган. А. О. Батыйдын жана анын бир туугандары: Беркенин (Түн. -Чыгыш Кавказ), Шибананын (азыркы Казакстан жана Батыш Сибирь), Мо­валдын (Кара деңиздин бойлору) улустарынан турган. Кийин Батый менен Беркенин улустары кошулуп кеткен. 15‑к‑да А. О‑нун аймагында Чоң ордо, Ногой ордосу, Өзбек, Казан, Крым, Сибирь хандыктары пайда болгон.
Р. Жолдошов.