АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:37, 26 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛАМҮДҮН МИНЕРАЛДУУ СУУСУ ‒ дарыланууга жарамдуу ысык булактар. Бишкек ш-нан 30 км түш. тарапта, Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 1700 м бийиктикте. Кыргыз Ала-Тоосунун түн. капталындагы минералдуу суулар чыгуучу зонада жатат. Палеозой заманынын башталышында пайда болгон граниттердин арасындагы тектон. жарака аркылуу жер бетине булак түрүндө чыгат. Дебити 5‒7 л/сек. Суу өзүнүн хим. курамы, физ. касиети б-ча аз минералдашкан (0,4‒0,8 г/л), азоттуу (98%), гидрокарбонат-сульфат-кальций-натрийлүү жылуу сууларга кирет. Суунун темп-расы 20°‒30°, түссүз, жытсыз жана даамсыз, курамында бир аз барий, стронций, марганец, молибден, висмут, вольфрам, жез бар. Суунун дарылык касиеттеринин бири анын курамында кремний к-тасынын (30‒50 мг/л) болушунда. Муун, ашказан, нерв, гинекология ооруларына пайдаланууга болот. 1997-жылдан баштап суу бөтөлкөлөргө куюлуп сатылууда.