АЛА-БАШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:03, 23 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛА-БАШ ‒ Ысык-Көл обл-нун Тоӊ р-ндагы кыштак. Ак-Терек айыл аймагына караштуу. Тескей Ала-Тоонун түн. этегинде, деӊиз деӊг. 2105 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бөкөнбаев кыш-нан 60 км чыгыш тарапта, Балыкчы темир жол бекетинен 111 км. 1880‒90-ж. отурукташкан. Калкы 1125 (2009); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.