АЙГЫР ЖАЛ кыштагы
Jump to navigation
Jump to search
АЙГЫР-ЖАЛ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑ж. Кемпир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыштагынан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.