АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ
АЙ ЖАНА ПЛАНЕТАЛАРДЫН ЖАСАЛМА ЖАНДООЧУЛАРЫ – Ай жана планеталардын атм‑расын, бетин жана жалпы түзүлүшүн, о. эле аларга жакын космос мейкиндигин изилдөө үчүн ил.-из. максатында учурулган космос аппарат-
тары. Жерден кийинки биринчи жасалма жандооч чыгарылган асман телолорунун бири – Ай. Айдын биринчи жасалма жандоочусу – «Луна‑10» автоматтык станциясы 1966‑ж. 31‑мартта учурулган. Ал маалымат берүү мезгилинде Айды 460 жолу айланган. 1971‑ж. Марс менен Жердин улуу тогошуу мезгилинде сов. эки космос зонду «Марс‑2» (19‑майда), «Марс‑3» (28‑майда) жана амер. космос зонду «Маринер‑9» (31‑майда) учурулган. Айга 1980‑ж. чейин 14 жасалма жандоочусу жеткирилген. Башка планеталардын орбитасына да ар кайсы өлкөлөрдөн жасалма жандоочулар учурулган.