АДСОРБЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:52, 20 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДСОРБЦИЯ (лат. ad – үстүнө, sorbere – соруу, сиңирүү) – эриген же газ абалындагы заттардын (адсорбаттын) суюктуктун же катуу зат­тын (адсорбенттин) бетине сиңиши. Адсорбат менен адсорбенттин молекуласынын өз ара ара­кеттенишүү мүнөзүнө жараша ф и з. А. жана хемосорбция болуп бөлүнөт. Физ. А‑да адсорбат менен адсорбенттин молекулаларынын өз ара аракеттенишүүсү өтө начар болот. Хемосорбция убагында адсорбат менен адсорбенттин ор­тосунда реакция жүрүп, жаңы бирикме пайда болушу мүмкүн. А‑ланган молекулалардын кайра бөлүнүшү десорбция деп аталат. Бел­гилүү убакыт бирдигинде А‑ланган (же десорб­цияланган) молекулалардын саны А‑нын ыл­дамдыгын туюнтат. Темп‑ранын жогорулашы А‑ны төмөндөтүп, хемосорбцияны күчөтөт. А. менен десорбция ылдамдыгы теңелгенде, А‑лык тең салмактуулук пайда болот. А‑ланган мо­лекулалар кээде десорбцияланганга чейин ад­сорбитенттин бетине кармалып турган мезгил А. убактысы деп аталат. Адсорбанттын концент­сы же басымы көбөйгөндө адсорбанттын моле­куласынын адсорбенттин бетине жабышуусу тездейт, ага байланыштуу А. ылдамдыгы өсөт ж‑a А‑ланган молекуланын тең салмактуулук саны көбөйөт. А. процесси көпчүлүк учурда жы­луулук бөлүп чыгарып, ал А. жылуулугу деп аталат. Техникада адсорбент катары активдүү көмүр, А1203, цеолиттер, силикогелдер колдонулат. Ар кандай газдарды ж‑a суюктуктарды тазалоодо, кургатууда, бөлүүдө (мис., этил спир­тин активдүү көмүр аркылуу чыпкалоо), химия өнөр жайында, медицинада, кездеме боёодо, по­лиграфияда, курулушта ж. б. кеңири колдонулат.

Ад.: Дубинин М. М. Адсорбция и пористость. М.,1976; Асанов Ү. А., Сатыбалдиев А., Жуманазарова А. 3. Физикалык химия. Б., 2000.