АК-ТӨР ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АК-ТӨР ТООСУ Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору жана Кум-Бел ашуусу менен чектешет. Уз. 50 км, эӊ жазы жери 11 км. Орт. бийикт. 3760 м, эӊ бийик жери 4503 м (Кум-Бел ашуусунун түштүгүндө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш жана борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түн.-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска жана борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 м бийиктикте) жана гляциалдык-нивалдык (3600‒4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.