АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЕНОЗИНФОСФОР КИСЛОТАЛАРЫ, н у к л е о т и д д е р– аденозинмоно-, ди- жана три­фосфат кислоталары (АМФ, АДФ, АТФ). АМФ (C10H14N5O7P) – адениндин, рибозанын жана бир молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидмонофосфат. АМФ ри­бонуклеин к‑таларынын жана АТФнын гидролиз­денишинен пайда болот. Ал тирүү организмдер­дин жашоосунда негизги ролду аткарып, та­таал биол. бирикмелердин (нуклеотиддердин, рибонуклеин к‑таларынын, коферменттердин ж.б.) курамдык бөлүгү болуп эсептелет. АДФ (C10H15N5O10P2 )– адениндин, рибозанын жана эки молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидди фосфат. Ал бардык тирүү организмдердин курамында кездешип, энергия алып жүрүүчү зат болуп эсептелет. АТФ (C10H16NsO13P3) – адениндин, рибозанын жана үч молекула фосфор к‑тасынын калдыктарынан пайда болгон нуклеозидтрифосфат. АТФ фер­менттердин жардамы менен гидролиздөөдөн алы­нат. Кадимки шартта сууда жакшы эрүүчү, туруктуу туздарды пайда кылуучу, түссүз кристалл. Хим. курамы б‑ча нуклеотиддерге кирет. Табиятта дээрлик бардык тирүү организмдердин курамында кездешет.

                                                                                      С. А. Адылов.