АЙГЫР ЖАЛ кыштагы
Jump to navigation
Jump to search
АЙГЫР-ЖАЛ– Ош обл‑нун Өзгөн р‑ндагы кыштак. Баш‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Өзгөн ш‑нан 8 км батыш тарапта, Кара‑Суу темир жол бекетинен 64 км. Деңиз деңг. 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3091 (2014); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория бар. 1965–68‑ж. Кемпир‑Абад суу сактагычынын курулушуна байланыштуу мурдагы Жаңы‑Жол кыш‑нан башка жерге көчүрүлүп, азыркыча аталып калган.